Султан Халил – Моголстандын башкаруучусу.
Ахмед хандын кичүү уулу. Ахмед хан (1487–1504) каза болгондон кийин анын үч уулунун ортосунда бийлик талашкан жаңжалдар келип чыккан.
Мансур хан инилери Султан Саидди жана Султан Халилди куугунтуктаган. Султан Саид Моголстандын тоолорунда жашырынып жүрүп, Кабулга Бабур падышага кетүүгө аргасыз болгон. Султан Халил Ферганага качып, атасынын бир тууганы Махмуд ханга барган. Бирок буга чейин эле өзбектер Махмуд ханды өлтүрүп коюшкан.
1508-жылы Султан Халил өзбек төбөлдөрүнүн бири Жаныбек Султан тарабынан Аксыда сууга чөктүрүп өлтүрүлгөн. 16-кылымдын башталышында Жетисуу жана Ысык-Көл аймагында өз алдынча Кыргыз хандыгынын пайда болушу Султан Халилдин ысымы менен байланыштуу.