Сумсар айыл аймагы - Чаткал районундагы администрациялык-аймактык бирдик. Борбору - Сумсар айылы. 1984-жылдан бери Чаткал районунун курамында.

Сумсар айыл аймагынын курамына:

Шекафтар (Мончок-Дөбө, Кызыл-Коргон участкалары) Сумсар (Жунус) айылдары карайт. Бишкек шаарынан 600 км алыстыкта,облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 270 км түндүк-батышта жайгашкан, райондун борбору Каныш-Кыя айылынан 145 км түштүк-чыгыш тараптан орун алган. 1952-жылдан Сумсар шаарчалык Кеңеши, 1996-жылдан Сумсар айыл өкмөтү, 2012-жылдан азыркыдай аталат. Төрагалары - Садыкова, Райкан Мырзабеков, 3.П.Бутенко (1972-80), К.Чотоев (1980-87), К.Мамыралиев (1987-89), Н.Е.Приходченко (1989-91), К.Р.Марайымбеков (1991-95), К.Чотоев (1995-98), Т.Д.Орозбаев (1997-2006), A.С.Батирханов (2006-2014), О.Ботобеков (2014-2015), 2015-жылдан А.Рыспеков.

      • Калкы 6033 (2015); а.и.кыргыздар 5707, орустар 22, өзбектер 178, тажиктер 98, ж.б.

улуттар жашайт. Калкы дыйканчылык жана мал чарбачылык менен эмгектенишет. Жеринин жалпы аянты 4249 га. Айдоо аянты 163 га, а.и.сугат жери 93 га, кайрагы 70 га, жайыты 3012 га. Аймагында 172 фермердик, 1 дыйкан чарба уюшулган, 24 соода түйүнү, 3 жалпы орто билим берүү мектептери бар (Интернат жатак-лицейи, Ю.А.Гагарин жана Сумсар жалпы орто мектептери), 2 бала бакча,2 Музыкалык көркөм-өнөр мектеби, Республикалык учук оорулар ооруканасы (200 орундуу), участкалык оорукана, 2 Маданият үйү иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6