Супер сулуу 2013 - 7-жолку «Супер сулуу» сынагы 13-14-декабрда Улуттук филармонияда 14 финалчы менен болуп өттү.Суйкайган селкилер алгач алып баруучулардын чакыруусунда коктейль көйнөгү менен сахнага чыгышты. Элдин сүрү оңой эмес, ошентсе да алар өздөрүн ар тараптуу тааныштырып жатышты. 2-тапшырма боюнча бийкечтер чыгыш бийин бийлешти.Суктанган көрөрмандар сулууларга ыраазы боло сахна артына узатышты. Анан эле кыздар кыш мезгилин унуттуруп бикини менен шаңдуу музыка коштоосунда эл алдында болушту. Убакыт тез эле 4-тапшырманы багындырды. Жай музыканын ыргагында кече көйнөгүн көргөзгөн сулуулар кезекти калыстар тобуна узатышты.калыстар тобунун төрайымы КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева катышуучулардын баарына кореялык «Tony Moly» компаниясынын косметикаларын тапшырды.

Супердин сулуусу 2013
Датасы

13-14 декабрь

Уюштуруучу

Супер-Инфо

Өткөрүлүүчү жер

 Кыргызстан
Калып:Өлкө желеги/Бишкек Бишкек

Катышуучулардын саны

14

Даярдалган орундар

1

Жеңүүчү

Орункүл Шабралиева

Саякатка жолдомо

1

Саякат

Шри-Ланка

Супердин сулуусу 2012

Супердин сулуусу 2013

Супердин сулуусу 2016

super.kg

Жеңүүчүлөр түзөтүү

  • Керемет Жеңишова super.kg порталында көп талкууга алынып, жакшы пикирлерге ээ болгондугу үчүн «Super.kg ажары» деп табылып, «Келдике» зер үйүнөн баалуу топтомдор, «Табылга» соода борборунан 3000 сомдук сертификат менен сыйланды.
  • Айзуура Иманалиева «Сымбаттуу сулуу» наамына арзып, ага «Александра» мода үйүнөн 10 000 сомдук сертификат, «Табылга» соода борборунан 3000 сомдук сертификат, «Келдике» зер үйүнөн топтомдор тапшырылды.
  • Рахима Кускаковага «Ажарлуу сулуу» наамына татыган «Табылга» соода борборунан 10 000 сомдук сертификат ыйгарылды.
  • Орункүл Шабралиева Өзүн сахнада татыктуу көргөзүп, толкунданууну жеңип ар бир тапшырманы орду менен аткарып, калыстар тобунун жогорку баасына татыган «Супер сулуу-2013» деп табылды. Баш байге ээси экзотикалык өлкөгө жолдомо жана «Табылга» соода борборунун 3000 сомдук сертификатын утуп алды.

Сынактын кульминациясына кезек жетип, «Супер сулуу-2012» наамынын ээси Гузель Келдибаева кымбат баалуу таажыны Орункүл Шабралиевага өткөрүп берди. Аталган сынактын баш байге ээси Орункүл сүйүнүчтөн көзүнө жаш алып, ыраазычылыгын төмөнкүчө билдирди:

Бардык эле катышуучулар келишимдүү, ажарлуу кыздар болчу. Ошентсе да үчилтикке кирериме ишенгем. Ушул сынакты уюштуруп, бизге сонун мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген «Супер-Инфо» гезитине терең ыраазычылык билдирем.

Шилтемелер түзөтүү