Суперстрат (лат. super - үстүндө, stratum - катмар) – тигил же бул берилген тилдин ички мыйзамдарына туура келбеген жана ошол тилге, жергиликтүү элге ассимиляцияланып кеткен келгин этникалык топтордун тилинин сиңип кетүүсүнөн келип чыккан тилдик белгилердин жыйындысы.

"Суперстрат " түшүнүгү В.фон Вартбург тарабынан (1936-ж.) субстрат түшүнүгүнө антоним катары киргизилген. Суперстрат субстрат сыяктуу эле көбүрөөк фонетикадан жана грамматикадан, бир аз деңгээлде лексикадан байкалат. "Субстрат" түшүнүгүнө караганда " Суперстрат " түшүнүгү лингвистикада сейрек колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4