Супплетивизм (лат. suppletivus - толуктоочу, кошумчалоочу) - бир сөздүн бир эле формасынын ар башка уңгулардан жасалышы.

Мындай сөз формаларынын уңгу морфалары формалдык (фонематикалык) жакындыкка ээ эмес, ошондуктан бир морфемага бириктирүүгө болбойт. Супплетивизм ыкмасы менен жасалган сөз формалары супплетивдүү болушат. Кыргыз тилинде супплетивдүү формалар сейрек түрдө зат атоочтордун, жактама ат атоочтордун жекелик жана көптүк сандарында (мен, биз, сен - силер), жактама ат атоочтордун айрым жөндөмө формаларында (мен - мага, сен - сага) гана кездешет. Кыргыз тили агглютинативдүү тил болуп, бир сөздүн формаларынын бардыгы бир уңгудан жасалгандыктан, супплетивдүү формалар грамматикалык системада эрежеден сырткаркы өзгөчө көрүнүштөр катары каралат.

Супплетивдик формалар алгач түрдүү парадигмаларга тиешелүү болгон формалардын кийин бир парадигмага биригишинен жана уңгу морфаларынын баштапкы фонематикалык жакындыгынын бузулушунан келип чыккан фонетикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында пайда болгон. Супплетивизм флективдүү тилдерде көбүрөөк кездешет, ал эми агглютинативдүү тилдерге анчалык мүнөздүү эмес.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4