Сура
Сура - Орусиядагы дарыя, Волганын он куймасы.
- Уз. 841 км, алабынын аянты 67 500 км2. Волга бою дөңсөөсүнөн башталат. Негизинен кар сууларынан куралат. Апр.- майда кирет.
- Орт. чыгымы (чатынан 63 км) 253 м3(сек, эн көбү 7240 м3 сек, эн азы 10,5 м3 сек.
- Ноябрь - декабрда тонуп, март - апрелде ачылат.
- Куймалары: Уза, Алатырь, Пьяна (сол), Инза, Барыш (он). Төмөнкү агымында кеме жүрөт.
- Жээгинде Сурск, Пенза, Алатырь, Ядрин шаарлары жайгашкан.
Сура
| |
---|---|
ОМСР | 08010500112110000035062 |
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.