Суранчы – 19-кылымдын башында Кашкар аймагындагы кыргыздардын чоң багыш уруусунун чыккан бийи. Устунартыш кыштагында туулган. Алгач Суранчы кыргыздар менен уйгурлардын Цинь дөөлөтүнө каршы көтөрүлүштөрдүн уюштуруучуларынын бири, уйгур Зия-Динди кармоого катышкандыгы үчүн кытайдын цзюнь-ван наамын алган. Кийинчерээк манжур-кытай эзүүсүнө каршы чыккан кыргыздардын көтөрүлүшү тарапка өткөн. 1820-ж. Жааңгер кожонун биринчи көтөрүлүшүнө кошулуп, Устунартыштагы кыргыздарды жетектеген. 1826–27-ж. Жааңгер кожонун кийинки көтөрүлүшүнө да 500 жигити менен катышкан. Бул көтөрүлүш кытайларда Суранчы бийдин козголоңу деген аталыш менен да белгилүү.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.