Сууга Түшүү — эс алуунун жана денени чыңдоонун бир түрү катары бардык курактагы адамдарга пайдалуу. Ал дарылоо-алдын алуу максатта кеңири пайдаланылат. Табигый (көл, дарыя, деңиздерде) жана жасалма бассейндерде (ачык жана жабык көлмөлөрдө) сууга түшсө болот. Анын эрежелерин сактоо менен үзбөй С. т. денени чыңдоонун жана суук тийүүдөн болуучу оорулардын алдын алуунун натыйжалуу ыкмасы болуп эсептелет.
С. т. булчуңдун өтө активдүүлүгүн (сууда сүзүү, кыймылдоо жана ойноо) талап кылып, бардык организмге, айрыкча кыймылдоо жана таяныч органдар системасына жагымдуу таасир тийгизет. Ачык көлмөгө түшүү учурунда суунун таасиринен тышкары аба, күн нуру жана башкалар таасир этет. Туздуу сууга (деңизге, минералдуу көлдөргө, минералдуу бассейндерге) түшүүдө суудагы эриген туздардын химиялык таасири тиет. С. т. жалпысынан денени чыңдайт, кан жана лимфа айланууну, нерв, булчуң системасынын ишин, дем алуу, жылуулукту жөнгө салууну жакшыртат. Сууга өтө көп түшүү жана анын эрежелерин сактабоо ден соолукка терс таасир тийгизиши мүмкүн. Алсыздар, оорудан сакая баштагандар жана улгайган адамдар алдын ала врачтын кароосунан өтүшү керек. Аларга С. т-нү баштоодон мурда 3—5 күн суу менен бел курчоого чейин сүртүнүү, жаба куюнуу, сууга чөмүлүү сыяктуу даярдануу процедураларын жүргүзүү сунуш кылынат. Жүрөк-кан тамырлары жана дем алуу системалары ооруган учурда, ошондой эле кош бойлуулуктун 2-жарымында ачык көлмөлөргө түшүүгө болбойт. Табигый көлмөлөргө түшүү үчүн абанын температурасы 20—22° Сден, суунуку 20—18° Сден кем болбоо керек. Дайыма сууга түшүп көнгөн адамдар суук түшкөнгө чейин сууга түшсө болот. Күнүнө бир жолу эртең менен (эртең мененки тамакка чейин же андан 1—1,5 сааттан кийин) же түшкү тамактан 2—3 сааттан кийин сууга түшүү сунуш кылынат. Дени сак жана машыккан адамдар күнүнө 2—3 жолу 3—4 саатта бир түшсө болот. Ден соолугу начарларга ач карын, чарчаган абалда, тамак жегенден кийин бир саат өтпөй, оор күч жана акыл эмгегинен кийин дароо, күнгө кактануудан соң сууга түшүүгө болбойт. Сууга түшөрдө 15—20 мин. эс алып, адегенде бетти жана төштү суулап, сууга акырындык менен кирүү керек. Машыккан жана дайыма сууга түшүп жүргөн адамдар гана сууга дароо кире алышат. Сууда болуунун белгилүү мөөнөтү болбогонуна карабастан, айрым эрежелерди сактоого туура келет. Чыйрыкканча (тери бүдүрөйгөнчө) сууга түшө берүүгө болбойт. Суудан чыккандан кийин дароо сүлгү же шейшеп менен сүртүнүү керек; абада же күнгө кургануу туура эмес. Балдарды ачык көлмөгө 2 жашынан түшүрүүгө болот. Алардын чоңдорго караганда тез үшүп кетүүсүнө байланыштуу суунун температурасы 22—24° Сден кем болбоого тийиш. Адеп баланы сууга чумкутууга болбойт. Суудан чыккандан кийин аны дароо кургата сүртүү керек. С. т. эрежелерин сактоо зарыл, мас абалда түшүү жарабайт, атайын бөлүнгөн жерлерде гана түшүүгө болот. Бул эрежелерди бузуу кокустуктарга алып келиши мүмкүн. Кышында С. т. организмди чыңдоонун өзгөчө түрү болуп саналат. Кышында С. т-гө врачтын уруксаты боюнча алдын ала даярдыктар талап кылынат, муздак (4°) сууга түшкөндө пульс, дем алуу тездеп, артерия басымы жогорулайт, газ алмашуу жана энергияны сарптоо бир топ жогорулайт, дененин температурасы төмөндөйт. Ошондой эле нерв системасын катуу дүүлүктүрөт; ден соолугу мыкты адамдар мындай сууга түшө алат. Бирок туура дозаланган, мурдатан жакшы даярдык жана денени чыңдоочу көнүгүүлөрүнүн айкалышында врачтын көзөмөлүндө машыгууга болот. Врач менен кеңешпей, муздак сууга түшүү кайгылуу натыйжаларга алып келерин эстен чыгарбоо керек. Өзгөчө 40 жаштан өткөндөр өтө сак болгону оң. Муздак С. т-нүн узактыгы 20—40 сек, акырындап көбөйтүп 1 — 2 минутага жеткирсе болот.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8