Сууккыр тоосуФергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы.

Өзгөн р-нун аймагында. Жазы ж-а Капчыгай сууларынын аралыгында дого сымал кеңдик багытта созулуп жатат. Уз. 26 км, туурасы 7–8 км. Орт. бийикт. 2800–3300 м, эң бийик жери 3600 м. Тоонун кыры тайпак, капталдары кыска, суу өрөөндөрүнө тик түшүп, кокту-колоттуу. Негизинен карбон м-н пермдин кумдук, алевролит, сланец тектеринен түзүлгөн. Ландшафтына бийик чөптүү шалбаалуу талаа ж-а шалбаалуу токой (жаңгак, карагай; 2900–3000 м бийиктикке чейин), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3000–3600 м) мүнөздүү. Жайыт. Токойчулук чарбалары бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2