Суук Төр мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү.

Какшаал тоо тизмегинин түн. капталында, Сарыжаз д-нын оң куймасы–Акшыйрактын алабында жайгашкан. Уз. 4,6 км, жалпы аянты 10,1 км2. Башы деңиз деңг. 5057 м, этеги 3960 м бийиктикте жатат. Мурда батышында жанаша жаткан ири (уз. 5,2 км, аянты 7,6 км2) мөңгү м-н биригип, бутактаган чоң тата ал өрөөн м өңгүсүн түзгөн. Кийин чегинип экиге ажырап кеткен. Мөңгүдөн башталган суу Жаңартка оң тараптан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2