Суук тийүүорганизмдин же анын бөлүктөрүнүн муздап калышынан кээ бир оорунун пайда болушу. Микроб жана алардын ролу ачылганга чейин кээ бир оорулар (сасык тумоо, өпкөнүн сезгениши, дем алуу жолдорунун оорулары, үч ача, чычаң жана башкалар нервдердин невралгиясы жана башкалар) «суук тийгенден» болгон оорулар деп аталган. Кийин бул ооруларга суук тийүү түрткү берүүчү фактор гана экендиги далилденди. Бирок бир катар ооруда (мисалы, үч ача жана чычаң нервинин сезгениши) суук тийүү ткандарга тескери таасир тийгизип, аларды бузат. Мындан сырткары сууктун таасири организмдин тканын бузуп, аллергиялык ооруну (к. Аллергия) пайда кылат. Ар бир кишинин Суук тийүүнү сезгичтиги ар түрдүү болуп, ал абанын температурасы жана нымдуулугунун өзгөрүшүнө организмдин чыдамдуулугуна жараша болот. Кээ бир оору жалпы организм үшүгөндө эмес, дененин айрым бөлүгүнө (мисалы, бутка) суук өткөндө кармап калышы мүмкүн. Суук тийүүнү алдын алууда (бала кезден) организмди чыңдоонун мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8