Сууну керектөө - суу ресурстарын суу объекттеринен бөлүп алып чарбада пайдалануу.

Бөлүп алынган суу негизги суу объектисине кайра кошулбайт же булганып жарым-жартылай келет. Өнөр жайда пайдаланган суунун саркындыларын кийин тазалоодон өтмөйүнчө пайдаланууга болбой калат. Андай сууларды табигый суу булактарына да кошууга болбойт. Сугат жерлерден чыккан суулар да булганч болуп экинчи пайдаланууга жараксыз болуп калат. Суу керектөөгө айыл-кыштактардын, шаардын калкын камсыз кылган суулар, завод, фабрикаларда керектелген, сугатка пайдаланган суулар кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2