Суусар
Суусар (Martes (Martes) foina), (Ezxleben (1777)): Суусар сымалдуулар.
Жалпы жана өлкөдө таралышыОңдоо
Европанын жана Азиянын тоолуу райондорунда кездешет. Кыргызстанда бардык тоо кыркаларында жашайт.
Жашаган аймактарыОңдоо
Анын эң жагымдуу биотоптору – ортонку жана бийик тоолордо, таштуу жана шагылдуу таштар.
СаныОңдоо
Республика боюнча саны төмөн, 10 км2 бир особдон аз келет. Түштүктөгү тоолордо бул көрсөткүчтөр бир топ жогору жана Борбордук менен Чыгыш Тянңшанда суусарлар абдан аз.
Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)Оңдоо
Чээнге кирбөөчү жырткыч катары жыл бою ал активдүү. Негизинен чычкан сымал кемирүүчүлөр жана чыйпылдак чычкандарга аңчылык кылууга жөндөмдүү, алар таштуу зоналардын жана шагылдардын арасынан табышат. Азыктануусунда көрүнүктүү орунду куштар ээлейт. Суусар жекече участкаларды ээлейт, бирок ар кандай себептер менен бир-бирине өтүп турушат. Күүгүмдө жана түнкүсүн активдүү, күндүз жашыруун жерлерде жүрүшөт. Суусарлардын кууту июлң-августта өтөт, кийинки жылы чөндөлөйлөрү апрелң-майда гана туулат. 2- 5 туушат, алардын көздөрү бир айдан кийин гана ачылат. 3 айдан кийин өз алдынча жашап калышат. 2-3чү жылы жыныстык жагынан жетилип калышат.
Чектөөчү факторлорОңдоо
Төмөнкү тукумдуулугу, азык базасынын жетишсиздиги, браконңерлер жана суук, калың кардуу кыш.
Көбөйтүү (колдо багуу)Оңдоо
Колдо аларды керектүү жаныбар катары кармашпайт.
Уюштурулган коргоо аракеттериОңдоо
Атайын коргоо чаралары иштелип чыккан эмес.
Коргоо үчүн зарыл аракеттерОңдоо
Иштелип чыккан эмес.
СтатусуОңдоо
Түр сейрек кездешүүчү, бирок жоголуп бара жатуучу.
Колдонулган адабияттарОңдоо
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2