Суусоо (чаңкоо)организмдин сууну талап кылуу сезими. Киши сууну аз ичкенде же туздуу тамак жегенде, ошондой эле сууну көп жоготкондо (мисалы, көп тердегенде) суусайт. Организмде суюктук азайганда суунун запасын сактоого багытталган нерв-гумордук реакцияларды чакыруучу мээдеги суусундук борбор козголуп, анын негизинде сууну талап кылуу реакциясы пайда болот. Киши суусаганда ооздун ичи, тамак кургагандай сезилет; ал оозду чайкаганда басаңдап, суюктукту көп ичкенде суусун канат. Суусоо организмдеги суунун азайышын көрсөтүүчү физиологиялык реакция гана эмес, ал ар кандай оорулардын белгиси болушу мүмкүн. Абдан катуу суусоо ак шишик менен коштолуучу бөйрөк жана жүрөк ооруларына, эндокрин системасынын ооруларына (мисалы, диабет) жана башкалар мүнөздүү. Кээ бир психикалык ооруларда, баш ооруларында, ич катканда суусабайт. Ысык климатта, ысык цехтерде иштегендер абдан катуу чаңкайт. Ысыкта тер көп бөлүнүп чыгып, организмдеги суунун гана эмес, туздардын да азайышына алып келет. Натыйжада организмдин сууну кармап калуу жөндөмдүүлүгү начарлайт, алсыратуучу тер чыгып, тыйылбаган суусоо пайда болот. Суусун режимин колдонуу жогорудагы көрүнүштөрдү бир кыйла басаңдатууга жардам бериши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8