Суу Чечеквирус козгоочу катуу кармаган оору. Көбүнчө 10 жашка чейинки балдар ооруйт; чоң кишилерде сейрек кездешет. Ооругандарда туруктуу иммунитет пайда болот. Оорулуу жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, дем алганда козгогучту бөлүп чыгарып, жугузат. Инкубация мезгили 11ден 21 күнгө чейин (көбүнчө 14 күн). Оору башталганда эт ысыйт, денеге кызыл бүдүрлөр чыгып, алар тунук суюктукка толуп ыйлаакчага айланат, кычышат. 3—5 күндөн кийин жаңы ыйлаакча чыкпай калат, андан кийин ыйлаакчалар кургап, карттанып, 1—3 жумада түшөт. Кээде оорулуунун эти ысыбайт. Оорулуу инкубация мезгилинин акыркы күнүнөн ыйлаакча пайда болгондон 9-күнүнө чейин ооруну жугузат. Анын кабылдоосу сейрек кездешет. Ыйлаакча көздүн тунук кабыгына чыкса кератит, колкого чыкса ларингит болуусу мүмкүн. С. ч. демейде өзгөчө начар балдарда кабылдоолор (теринин ириңдүү оорулары, кулактын, ооз көңдөйүнүн былжыр челинин сезгениши, лимфаденит, өпкөнүн сезгениши жана башкалар) пайда кылат. Оорунун биринчи белгилери билинери менен врачка кайрылуу керек. Дарылоону врач жүргүзөт. Кабылдоолору болсо ооруканага жаткырып дарылоону сунуш кылат. Оорулуу баланы жакшылап багуу керек. Ыйлаакчалардын пайда болушу эт ысуу менен коштолсо, аны төшөккө жаткырып, ич кийимин бат-бат алмаштыруу, ыйлаакча болсо да баланын бетин кайнак суу же марганцовканын мала эритмесине малынган кебез менен тазалап, колун самындап жууп туруу зарыл. Кичине балдар кычышканда терини тырмап (тытып) ырбатпас үчүн тырмактарын алып, дакиден кол кап кийгизип койсо болот. Кычышууну басаңдатуу үчүн ыйлаакчаларга марганцовканын 1%түү (кочкул кызыл) же бриллиант жашылынын 1—2%түү эритмесин сыйпоо керек. Эриндерин сары май же күн караманын кайнатылган майы менен майлап, суюктукту ичирүү сунуш кылынат. Кичине балдардын оозун муздатылган чай же кайнак суу менен улам-улам суулап, мурдун таза кармоо сунуш кылынат. Оорулуу баланы абага күнүгө алып чыгып, таза, шамал тийбеген жерге жана ызы-чуудан, балдардан оолак кармоо зарыл. Баланын эти ысыбай, жаңы ыйлаакчалар пайда болбой, эскиси карттангандан кийин эшикке чыгарууга болот. Баланы туура тамактандыруу өтө маанилүү. Ал эти ысыганда тамак ичпейт, оору күчөгөндө, өзгөчө кичинекей балдар кусуп, ичи өтөт. Бул учурда ага зордоп тамак бербей, 6—12 саат тыным алдырып бат-бат суюктук берүү керек. Ал оозунун ичи ооругандан тамак иче албай кыйналса ага тамакты жылуу бойдон, суюк кылып же эзип берген оң (мисалы, жашылчадан жасалган сорпо, ботко, жашылча маңызы, кисель); кычкыл жана ачуу тамак берүүгө болбойт. Ичеги-карындын иштешин байкап, ич катса тазалоочу клизма жасоо, ичи өтсө врач келгенче тамак бербей, кайнаган суу же муздатылган чайды көп ичирүү зарыл. Оорулуу бала турган бөлмөнү желдетип, жууп, таза кармоо керек. С. ч. өтө тез жуккандыктан аны алгачкы белгилери билинер замат башка балдар менен жолук-' турбай бөлүү зарыл. Оорулуу менен жолуккан 7 жашка чейинки бала 11 күндөн 21 күнгө чейин карантинде болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8