Суу менен камсыз кылуукалкты, өнөр жайды, транспортту, айыл чарбасын жана башкалар суу менен камсыз кылуу чараларынын системасы. Калк сууну суу жүгүрткүчтөн (борбордошкон) жана кудук, арык, булактан жана башкалар (жергиликтүү) алат. Калк керектөөчү суунун саны элдин турмуш шартына жана санитариялык маданиятынын деңгээлине жараша болот. Канчалык жашоо шарт жакшы болсо, ошончо суу көп сарпталат. Айыл жеринде суу кишинин керектөөсүнөн башка да малды, талааны сугарууда жана башкалар керектелет. Суу менен камсыз кылуу системаларын пландоодо жана жайгаштырууда суунун сарпталуу нормасы, анын өлчөмү жана сапаты эске алынып, суу чыгуучу жана суунун сапаты бузулбай турган жерлерге курулат. Ичилүүчү суунун сапаты жана булак чыга турган жерди тандоо мамлекеттик стандарт менен белгиленет. Суу менен камсыз кылуу үчүн жер үстүндөгү (ачык) суулар жана жер астындагы суулар колдонулат. Жер астындагы суулар санитария-гигиеналык талаптарга ылайык келет. Ачык суулар — дарыя, көл, суу сактагычтардагы суулар калк сууну көп керектөөдө жана жер астындагы суу ресурстары азайганда пайдаланылат. Ал тазартылып, зыянсыздандырылмайынча колдонулбайт. Борборлошкон суу менен камсыз кылуу булактарынын жана суу курулмаларынын айланасында санитариялык коргоо зонасы белгиленип, катуу режимдеги зона бөлүнүп, анда суу бергич, насос станциясы, суу тазалагыч жана башкалар курулат. Ачык булактардан алынган суу коагуляцияланып, чыпкаланып, зыянсыздандырылат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8