Суу сактагыч — дарыя нуктарын (өрөөндөрүн) же оёң жерлерди бөгөп, суу топтоо үчүн курулган жасалма көлмө.

Суу сактагыч

Адатта, суу сактагыч чарбанын сууга болгон муктаждыктарын (калкты суу менен камсыз кылуу, сугат ж.б.) камсыздоо жана дарыя агымын жөнгө салуу (мис., ГЭСтердин иштөөсү, кеме каттоосу үчүн суу деңгээлин бир калыпта кармап туруу) максатында курулат. Аянты бир нече гектардан бир нече миң км2ге чейин, тереңдиги 100 мге чейин же андан ашык да болот. Жер шарында 30 миңден ашык суу с. бар (1996), алардын суусунун жалпы көлөмү 6 миң км3 ден ашык.

Суунун көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң чоң суу сактагыч ― Братск (Орусия , көлөмү 169,3 км3) ал эми аянты боюнча ― Вольта (Ганада, аянты 8480 км2). Кыргызстанда Токтогул (Нарын дайрасында, көлөмү 19,50 км3), Киров (Талас суусунда, 550 млн м3), Ортотокой (Чүй суусунда, 470,0 млн м3), Төрткүл (Исфара суусунда, 90,0 млн м3.), Чилисай (Исфара суусунда), Найман (Кыргызата суусунда, 39,5 млн м3.) ж.б. суу саткагычтар бар.

Булактар

түзөтүү
  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2