Суу чыгымы - убакыт бирдиги ичинде агымдын кыймылдуу туурасынан кесилиш аянты аркылуу агып өткөн суунун көлөмү.

Суу ресурсунун жана дарыя режимин мүнөздөөчү эң маанилүү көрсөткүч. Дарыялардын, каналдардын агымдары м3/сек, ал эми чакан агын суу, булак, скважинадан чыккан агымдар л/сек бирдиктери менен көрсөтүлөт. Суунун агымына үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүнүн (чыгымын аныктоонун) негизинде дарыялардын суткалык орточо, максималдык жана минималдык чыгымдары, ошондой эле суу агымынын көлөмү аныкталат

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2