Суу чычкан (Neomys fodiens), (Pennant, 1774).

Суу чычкан.

Жалпы жана өлкөдө таралышыОңдоо

Европа, Кавказ, Сибирң, Казахстандын түндүк бөлүгү. Кыргызстанда Күңгөй жана Тескей Алатоо тоо кыркаларында (Жыланды өзөнү), Ысыккөл ойдуңунда (Каракол шаарынын, Түп, Оттук, Туура-Суу айылдарынын айланасы, Түргөн, Аксу дарыялары), Чүй өрөөнүндө (Токмоктун тегерегинде) жана Кыргыз тоо кыркаларында (Чоң-Курчак өз.), Суусамыр өрөөнүндө табылган. Жашаган аймктары. Өрөөндөрдөн алңпы курчоосуна чейин көл, дарыя, саздак жерлердин жанындагы токойлуу, бадалдуу биотоптор.

СаныОңдоо

Абдан аз сандуу түр. Жыланды өзөнүндө (Тескей Алатоо) 3 жылда 20 650 кармоочу цилиндро- суткада 2 особ, Кыргыз тоо кыркаларында 200 цилиндро-суткада 2 жылдын ичинде 6 особ кармалган.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)Оңдоо

Жыл бою активдүү. Тиричилигин түндөсү жүргүзөт. Азыгынын негизин омурткасыздар түзөт. Көбөйүү мезгили - марттан июлга чейин, 7 эмбрион катталган. Ареалынын европалык бөлүгү үчүн бооздук маалы болжол менен 28 күндү түзөт, көбөйүү мезгили 3-3,5 айдан ашпайт.

Чектөөчү факторлорОңдоо

Жашоого ылайыктуу аймактардын айыл-чарба жерлерине айланышы.

Көбөйтүү (колдо багуу)Оңдоо

Жүргүзүлгөн эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттериОңдоо

Каралган эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттерОңдоо

Жайылма токой жана бадал өсүмдүктүүлүктү, суу жана саздак аймактарды коргоо менен байланыштуу. Санын жана таралышын аныктоо, чектөөчү факторлорду иликтөө.

СтатусуОңдоо

VI категория, Near Threatened, NT: R. Кыргызстан үчүн сейрек кездешүүчү түр, өзүнүн ареалынын чет жагында жайгашкан. Кыргызстанда уруунун жалгыз өкүлү.

Колдонулган адабияттарОңдоо