Суюктуктар – заттын катуу жана газ абалынын ортосундагы агрегаттык абалы.

Суюктук.

Суюктуктар бир жагынан катуу заттын, экинчи жагынан газдын айрым касиеттерине ээ. Мис., Суюктуктар катуу зат сымал көлөмгө, бетке, бышыктыкка ээ болот. Суюктуктар газга окшоп өзүнүн санын (формасын) сактай албайт жана идиштин ички санын гана алат. Механикалык көзкараш боюнча Суюктуктар катуу нерселерден сынынын (формасынын), серпилгичтигинин жоктугу менен айырмаланат. Суюктуктар газга тынымсыз өтүп турат. Суюктуктар өзүлөрүнө гана тиешелүү болгон өзгөчө касиеттерге – агуучулук жана көлөмдүк серпилгичтикке ээ. Ошондуктан кысылуу коэффициенти Суюктуктардын негизги мүнөздөмөсү.

Курамына жараша Суюктуктар бир түзүүчүдөн турган таза Суюктуктар жана эки же андан көп түзүүчүлөрдөн турган Суюктуктар эритмелерине бөлүнөт. Физикалык табияты боюнча Суюк отун нормалдык (кадимки) Суюктуктарка, анизотропиялуу суюк кристаллдарга жана кванттык С-га (4He, 3He) бөлүнөт. Кадимки Суюктуктар суюк абалда гана боло алат. 4He суюктугу кадимки жана ашкере агуучулук абалда болот. 3He суюктугу кадимки жана эки ашкере агуучулук абалда боло алат. Суюк кристаллдар кадимки жана анизотропиялык абалдарда болот. Тышкы талаа таасир этпегенде чоң көлөмдөгү кадимки Суюктуктар бир тектүү болуп саналат. Бул жагынан кадимки С. газга абдан жакын, бирок анизотропиялык катуу заттан өзгөчө айырмаланып турат. Аморфтук катуу заттар өтө муздатылган Суюктуктар жана кадимки Суюктуктартан өтө чоң илээшкектиги менен айырмаланат. Суюктуктардын басым жана температурага карата суюк абалда болуу мүмкүндүгү фазалык өтүш шкаласында кеңири каралган.

Суюктуктар ысыганда жана тыгыздыгы төмөндөгөндө аларда которулуу кубу-луштары газдагыдай жүрөт. Ал эми эрүү температурасына жакындаганда Суюктуктардын тыгыздыгы, кысылуучулугу, жылуулук сыйымдуулугу, электр өткөрүү ж. б. касиеттери боюнча катуу заттан аз эле айырмаланат. Анткени эрүү температурасына жакынкы температураларда Суюктуктардын жана катуу заттардын жылуулук кыймылдары мүнөздөрү боюнча бири бирине өтө жакын болот.

Молекулалардын өз ара аракеттешүүсүнүн орточо потенциалдык энергиясынын алардын орточо кинетикалык энергиясына болгон катышына барабар, басымга жана температурага көзкаранды болгон ε(p,T) чоңдугу заттын агрегаттык абалын жакшы мүнөздөйт. Суюктуктар үчүн ε(p,T)≈1. Анткени Суюктуктарда молекулаларды иреттүүлүккө алып келүүчү молекулалар ортолук өз ара аракеттешүүлөр жана алардын бир иреттүүлүгүн бузуучу молекулалардын жылуулук кыймылдары бирдей деңгээлде болот. Суюктуктардын бардык өзгөчөлүктөрү мына ушуну менен аныкталат. Газ үчүн ε(p,T)≤1, катуу затта – ε (p,T)≥1.

Молекулалык-кинетикалык көзкараш боюнча катуу заттын молекулалары азыраак “отрукташкан”: алар Суюктуктар ээлеген бүт көлөм боюнча жай болсо да кыймылда болот. Кичине көлөмдүн ичинде “жакынкы иреттүүлүктө ” болот. Суюктуктар катуу зат сымал иреттелген (квази-кристаллдык) түзүлүшкө ээ. “Алыскы иреттүүлүктө” (чоңураак көлөмдүн чегинде) суюктуктун бөлүкчөлөрү башаламан жайгашат. Суюктуктар молекулаларынын белгилүү орунда болуу убактысы релаксация убактысы (τ) деп аталат. Максвеллдин аныктоосу б-ча, эгерде Суюктуктарга күч релаксация убактысынан (τ) аз убакыт (t) таасир этсе (t<τ), анда Суюктуктар өздөрүн катуу зат катары, ал эми t>τ болсо, анда Суюктуктар. өздөрүн суюктук катары алып жүрөт.

  • Суюктуктардын ички түзүлүшү рентген жана нейтрондук анализ менен аныкталат.
  • Суюктуктардын кинетикалык жана динамикалык теориялары кеңири өнүгүүдө. Суюк отун теориясын өркүндөтүүдө ЭЭМ көп колдонулат.

Ад.: Крокстон К. Физика жидкого состояния/Пер. с англ. –М.:1978.

Колдонулган адабияттардын физикасы түзөтүү