Суюктук термометри – суюктуктардын ысытуудан кеңейүү касиетине негизделген температура өлчөөчү прибор.

Суюктук термометри.

Ал техникада жана лабораторияда – 2°Сден+750°С ге чейинки температураны өлчөөдө кеңири колдонулат. Суюктук термометри – айнек же кварц капилляр каңдалган резервуар °С шкаласы калың айнектүү капиллярдын же ага бекитилген пластинканын бетине чийилет. Термометрдик суюктук резервуар ичине жана капиллярдын бир бөлүгүнө толтурулуп, температура өзгөргөндө анын көлөмү да өзгөрүп, капиллярдагы деңгээли көтөрүлөт же төмөндөйт. Түрдүү температуралык интервалдар үчүн түрдүү суюктуктар, мис., –200 дөн+20°С ге чейин пентан, –80ден+70°С ге чейин этил спирти, –35 тен +750°С ге чейин сымап ж. б. колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү