Сыдыгалиева Качкыналы - жазуучу.

Качкыналы Сыдыгалиев Чүй районунун Кара-Ой айылында 1934-жылы 2-февралда туулган.
1957-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.
1957-жылы Сузак районундагы Бек-Абад участкалык ооруканасынын башкы врачы,
1960-жылы Чүй райондук ооруканада терапия бөлүмүнүн башчысы, башкы врачтын орунбасары,
1966-жылы Ысык-Ата районундагы Ивановка ооруканасынын башкы врачы,
1969–1987-жж. Кыргыз ССРинин мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскердик медициналык кызматынын начальниги,
1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда милдеттүү медициналык камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келет.

1976-жылдан баштап гезит-журналда аңгемелери, ырлары, тамсилдери чыга баштаган. 1981-жылы алгачкы «Жүрөктөгү так» аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.
1985-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
К.Сыдыгалиев кесиби боюнча врач, медициналык кызматтын подполковниги, СССР саламаттык сактоонун отличниги.
Иштеги жетишкен ийгилиги жана КГБда кемтиксиз кылган эмгеги үчүн: «За воинскую доблесть», «В ознаменовании 100-летия со дня рожде-ния В.И.Ленина», «60-лет Вооруженных Сил СССР», «За безупречную службу 3-й степени», «За безупречную службу 2-й степени», «50-летия КГБ Киргизии», «80 лет службе национальной безопасности Кыргызской Республики» деген медалдар, ошондой эле КГБнын жана Кыргыз Республика-сынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Автордун «Асыл ойлор» рубаилери Кыргыз улуттук университетинин Окуу-усулдук бирикмесинин 2006-жылдын октябрындагы №1-чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан (Буйрук №561/1. 17-октябрь. 2006-жыл) «Филология» адистиги боюнча окуган жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн кошумча окуу куралы катарында уруксат кылынган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Жүрөк – кан тамырлардын оорусу жана алдын алуу: – Ф., 1975. – 25 б.

Тамеки тартуу жана ден соолук: – Ф., 1975. – 28 б.

Аарынын балы жана анын дарылык касиети: – Ф., 1975. – 18 б.

Жүрөктөгү так: Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 156 б.

Ишеним: Повесть жана аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Мектеп, 1983. – 128 б.

Бурулча: Повесттер жана аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1985 – 262 б.

Ой артынан ой келет: Рубаилер жыйнагы. – Ош, 1998. – 185 б.

Асыл ойлор: Рубаилер топтому. – Б., 2006. – 358 б.

Чика жана башка жомоктор. – Б., 2004. – 164 б.

Таргыл мышык жана башка жомоктор. – Б., 2004. – 131 б.

Кадыр түндөгү сыр жана башка жомоктор. – Б., 2004. – 164 б.

Дөңгөч баатыр жана башка жомокор. – Б., 2004. – 132 б.

Кереметтүү жомоктор. – 2004. – Б., 150 б.

Өлүп тирилген адам: Повесть. – Б., 2005. – 159 б.

Ак төш мышык: Мурка же анын достугу жөнүндө повесть. – Б., 2005. – 57 б.

Сүйүүм сага аманат: Повесть. – Б., 2005. – 106 б.

Замана: Аңгемелер. – Б., 2005. – 139 б.

Бой тумар: Аңгемелер. – Б., 2005. – 152 б.

Селсаяк синдрому: Аңгемелер. – Б., 2005. – 179 б.

Ормокойдун окуясы жана башка сатиралык аңгемелер – Б., 2005. – 151 б.

Өмүр жолу. Повесть. – Б., 2005. – 245 б.

Үмүт: Ырлар жыйнагы. – Б., 2005. – 203 б.

Сайгак: Тамсилдер. – Б,. 2005. – 248 б.

Чагылган: Аңгемелер. – Б., 2005. – 134 б.

Дербиш: Аңгемелер. – Б., 2005. – 130 б.

Тагдыр: Повесть. – Б., 2005. – 180 б.

Изде мени китептердин арасынан: Ырлар жыйнагы. – Б., 2005. – 200 б.

Азгырык. Аңгемелер, ырлар, рубаилер, эссе. – Б., 2006. – 197 б.

Too койнундагы чечим: Роман. – Б., 2006. – 242 б.

Барса келбес жалгыз жол: Аңгемелер жыйнагы. – Б., 2008. – 198 б.

Мухаммед пайгамбардын өмүр жолу: Ыр менен жазылган тарыхый ро-ман. – Б., 2008. – 230 б.