Сыдыков Базарбек Кимбилдиевич
Сыдыков Базарбек Кимбилдиевич (27. 6. 1953-ж. туулган, Ленинполь (Бакай-Ата) району, Бакай-Ата кыштагы) - скульптор, эл агартуунун отличниги.
- Маданияттын мыкты кызматкери.
- Кыргыздын балбаны Кожомкулдун эстелигинин автору.
- Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1976), Ташкендеги A. Н. Островский атындагы театр жана көркөм сүрөт институтунун декорация жана монументалдык искусство факультетин (1982) бүтүргөн.
- Эмгек жолун 1976-ж. Ош облусунун Совет айылындагы атайын орто окуу жайында жыгаччылык боюнча мастер болуп баштаган.
- Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайында мугалим (1984-97).
- 1997-жылдан И. Арабаев атындагы педагогикалык университетте эмгектенип келүүдө.
- Учурда доцент.
- Чыгармачылык өнөрканасында да чыгармачылыгы менен алектенет.
- Ысык-Ата районундагы Красная Речка кыштагында, Талас шаарында, Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Сүймөнкул Чокморов, Зууракан Кайназарова жана генерал Чыныбек Алиевге ж. б. тургузулган эстеликтердин автору.
- Ошондой эле Тоголок Молдо, Ишеналы Арабаевдердин эстеликтерин граниттен чегип жасаган.
- Ал Казакстан Республикасында, Түркстан шаарында Каманбай баатырдын, Астанада Кулагер тулпардын айкелдерин да жасаган.
- «Эл агартуунун отличниги» (2005), Маданияттын мыкты кызматкери (2007) төш белгилерин алган.
- Казакстан Республикасынын художниктер союзунун грамотасы менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9