Сыдыралиева Марипа Сооронбаевна

Сыдыралиева Марипа Сооронбаевна (20. 5. 1952-ж. туулган, 8-Март кыштагы) - юстициянын отличниги (2007), «Айкөл Манас» конкурс-фестивалынын жеңүүчүсү (2007).

Кыргыз мамлекеттик университетинин физика (1975; артыкчылык диплому менен) жана ошол эле окуу жайдын юридика факультеттерин бүтүргөн (2001). Эмгек жолун Панфилов районундагы Күрпүлдөк орто мектебинде физика мугалими болуп баштаган.

  • 1976-80-жылдары Бишкектеги № 5 орто мектепте лаборант, мугалим,
  • 1980-81-жылдары Бишкек шаардык аткаруу комитетинде катчы,
  • 1982-2008-жылдары Бишкек шаардык никелештирүү сарайында башкы адис,
  • 2008-жылдан Бишкектеги Октябрь райондук ЗАГС бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп эмгектенип келүүдө.
  • Жаныш уруусунан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9