Сыйданов Кубанычбек
Сыйданов Кубанычбек (9. 2. 1947-ж. туулган, Чүй облусу, Москва району, Чоң-Арык кыштагы) - мамлекеттик коомдук ишмер.
- Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген куруучу (1996).
- Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.
- Фрунзе политехникалык институтун (1973), Ташкендеги жогорку партиялык окуу жайын (1987) бүтүргөн.
- Эмгек жолун 1964-ж. Орто Азия монтаждоо башкармалыгында слесарга үйрөнчүк болуп баштаган.
- Андан сон, 1976-ж. чейин ар кандай курулуш ишканаларында мастер, прораб, улук жана башкы инженер болуп эмгектенип келген.
- Кийин Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы колхоздор аралык курулуш ишканасында төрага (1976-78), «Нарыноблмежколхозстрой» бирикмесинде төраганын орун басары (1978-79), «Нарыноблсельстройдо» төрага (1979-82), Нарын шаардык кеңешинин төрагасы (1982-86), 1986-88-ж.
- Кыргызстан КП БКнын инспектору, 1988-91-ж.
- Нарын облкеңешинин төрагасынын 1-орун басары, Фрунзедеги республикалык «Агроөнөржайкурулуш» бирикмесинде начальниктин 1 -орун басары, Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы (1991-94), Калинин (Жайыл) райондук, Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1орун басары, андан соң Чүй облусунун Сокулук жана Жайыл райондорунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болгон.
- Талас облусунун Манас районунда аким (1999-2000), Бишкектеги «Интерэнергохолдинг» компаниясында вице-президенттик кызматтарды аркалаган.
- 2000-06-ж. жеке ишкердик менен алектенет.
- 2006-жылдан кайрадан мамлекеттик кызматтарда.
- Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Коомдук палатанын төрагасы, Москва районунун акими болуп иштеп келди.
- Анын уюштуруучулук жөндөмү өтө жогору, коомдук жана мамлекеттик талантуу ишмер.
- Ал Жайыл районунда аким болуп турганда Суусамыр элинин экономикалык жана социалдык абалдарынын жакшырышына жакындан жардам берген.
- 1997-ж. Базар экономикасынын шартында өрөөндө айдалбай калган жерлерди айдатып, өрөөндүн экономикасынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон.
- «Ардак Белгиси» (1984) жана 3-даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган.
- Анын басып өткөн эмгек жолун чагылдырган «Кубанычбек Сыйданов» (2009) жана «Нарындан губернаторго чейин» (2007) деген 2 китеп жарык көргөн.
- Учурда ардактуу эс алууда.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүСуусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9