Сымал бүркүтү (Hieraaetus fasciatus), (Vieillot, 1822)

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Африкада Сахаранын кумдуу мейкиндигин жана экватордук нымдуу токой аймактарын албаганда, Евразиядагы Пиреней жарым аралынан чыгышты карай, Кытайдын чыгышына чейин. Түндүк жагы түштүк Францияга, түштүк Италияга, Грецияга, Кичи Азияга, түндүк Иракка, түндүк Иранга, Копетдагга, Наратау, Фергана (Каратау) тоо кыркалары, Сырдарыянын Келес суусу куйган жеринде, Гималайдын түштүк беттеринде, түндүк Бирмада, Янцзы өрөөнүндө. Түштүк жагы Жер Ортолук деңизинин жээктерине чейин, Палестина, Кызыл деңиздин жээктери (Аравиянын аймагында бирин-серин, чачыранды), Түштүк Иран, Түштүк Пакистан, Индия, Борбордук Бирма, түштүк жагы Түштүк-Чыгыш Кытайга чейин. Аралдар: Балеар, Сардиния, Сицилия, Крит, Кипр, болжол менен Корсика, кичине Зонд аймактарында таралган . Алай системасы номинативдүү түрчөнүн ареалына киргендиктен, Кыргыз Республикасынын түштүгүндө чачыранды уялашы ыктымал .

Жашаган аймактары түзөтүү

Жапыз жана орто тоолордун жыгач өсүмдүктүү жана аскалуу жерлери. Бийик тоолордон качат, кышкысын түзгө түшүшөт.

Саны түзөтүү

Саны боюнча маалымат жок. Ош областынын Шахимардан дарыясынын капчыгайынан бирөө кармалганы белгилүү . ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Калыбы чачыранды уялоочу жырткыч, ареалынын түштүгүндө туруктуу отурукташкан. Көлөмү айры куйруктан бир аз чоң. Бардык жерде сейрек кездешет. Өтө күчтүү, кыймылдуу жана тайманбаган жырткыч куш. Көлөмү жагынан өзүнөн чоң сүт эмүүчүлөргө жана канаттууларга, көпчүлүк учурда уядагы шериги менен бирдикте, буктурмага алуу же аңдуу жолу менен аңчылык кылат. Тамак катары ири канаттууларды жана анча чоң эмес сүт эмүүчүлөр талаа коөндорун, суурларды жакшы көрөт. Каз, илек-илек сыяктуу ири канаттууларга да кол салышы мүмкүн, ошондой болсо да эчкимерди бөлөктөрдөн артык көрөт. Дарактардын уч жагынан жана аскалардын бери чыгып турган жерлерине, бутактардан, чырпыктардан көлөмдүү чоң уя салышат. Жумурткасы негизинен экөө, ак түстүү, сүйрү. Ургаачысы жана эркеги тукуму үчүн бирдей кам көрүшөт .

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Уя салууга жарактуу жерлерине чарбачылык жактан күчөтүлгөн басымдын жасалышы, уруксатсыз жашыруун атуу.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Кыргыз Республикасында колдо багылган эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Мурда коргоо чаралары жүргүзүлгөн эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түрдүн уя салуучу жерлерин активдүү чарбалык пайдалануудан чыгарып, ал жерлерге коргоолуучу аймак деген статусту берүү зарыл. ==Статусу==: VI category, Near Threatened, NT: R. Кыргыз Республиканын авифаунасындагы туйгундар тукумунун эки түрүнүн бири.Номинативдүү түрчөсүHieraaetus fasciatus fasciatus ( Vieillot, 1822) .

Колдонулган адабияттар түзөтүү