Сынчыл ой жүгүртү - эмнеге ишенүү керек же кандай чара көрүш керек деген чечимге багытталган рационалдуу, аңдап түшүнүү менен жүрө турган ой жүгүртүү. Ал жөндөмдүүлүктү да, шыкты да өзүнө камтыйт.

Сынчыл ой жүгүртүү маалымат алуудан башталып, чечим кабыл алуу менен аяктай турган татаал ой жүгүртүү процесси болуп саналат. Сынчыл ошондой жүгүртүүнү калыптандыруунун жана өнүктүрүүнүн илимий негизи катары окутуунун иш-аракеттик теориясы кызмат кылат. Сынчыл ой жүгүртүү башка бардык окуу иш-аракеттериндегидей эле үч негизги курамдан (баскыч) турат: 1. Козгоо, ынтызарлыкты пайда кылуу;

2. Ой калчоо аркылуу иш-аракеттин аткарылышы;

3. Иш-аракетти аткаруу процессине жана анын натыйжасына баа берүү (рефлексия).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,