Сыр — баалуу сүт азыктарына кирет. Анын калориялуулугу 100 г азыкка 200—400 ккалды түзөт. Сырдын сортуна жараша анда белок 18ден 30%ке чейин, май 9дан 30%ке чейин болуп, А жана Д витаминдерине бай. С. даярдалышына жараша катуу, жумшак, туздалган жана көлкүлдөмө болуп бөлүнөт. С. тез кургап жана булганып кетпес үчүн көбүнчө даяр сырды эритилген парафинге малып алуу жолу менен парафинделет. Кыртышсыз сырлар да чыгарылат, алар даяр болгондо целлофан же башка плёнка менен капталат. Мындай С. көгөрбөйт, кургабай көпкө сакталат. Таза С-дын кабыгы бүтүн, көгөрбөй, былжырабай, бөтөн жыт жана даам сезилбеши керек. Ал эң аш болумдуу азык катары бардык курактагы адамдардын тамактануусуна кеңири пайдаланылат. Айрыкча жугуштуу оорудан же операциядан айыккандар, ошондой эле мүнөздөп тамактангандар үчүн пайдалуу. Аны кургак, салкын бөлмөдө 8—10° температурада жана 85—87% нымдуулукта сактоо керек. Сырты көгөрүп же былжырап кетсе тузга чыланган салфетка менен сүртүп салса болот[1].

«Эмменталь» - Салттуу швейцар сыры

Үй шартында муздаткычта жакшы сакталат, бирок көпкө сактоодон анын өңү жана даамы бузулат. Сырды муздаткычта жабык идиште (эмаль, чопо, фарфор же фольга идиште) сактоо сунуш кылынат. Көлкүлдөмө С. тез бузулгандыктан муздаткычта сактоо зарыл.

Булактар

түзөтүү
  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8
  1. Сыр даамын жана жытын түзүү