Сыргак баатырдын белгилүүлөрүнүн бири,айтылуу чон батыр. Манас эпосунун баардык варианттарында айтылган салтык образ.С. Орозбаковдун вариантында өз аты Бердибек, Сыргак сын аты. Эпостун ар башка варианттарында Сыргактын ата теги ар башка айтылат. С.Каралаевдин вариантында Жакыптын бир тууганы Улаккандын баласы, Орозбак уулу Сагымбайда да Манастын жакын тууганы. Жусуп Мамайдын вариантында Сыргак, Серек экөө Жакыптын Магдымдан төрөлгөн балдары.

Атка жеңил,тайга чак,
Уйкусу жок,жолго сак,
Чыканактап калбаган,
Чырм этип уйку албаган,
Кара болот кыргагы,
Кан Манастын Сыргагы.

Адабият түзөтүү

  • Манас энциклопедия. Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы.“Мурас” илимий-пропагандалык ишкер долбоору Бишкек,1995.