Сытин Иван Дмитриевич (1851-1934) - орус агартуучусу, китеп басып чыгаруучу. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. Жаш чагыңда көпөс дүкөнүндө кызмат кылган.

1876-жылы Москвада өз литографиясын ачып, басмадагы ишин сүрөт басып чыгаруудан баштаган.

1884-жылы «Посредник» басмасынын китептерин, 1890-жылдардан тартып окуу китептерин, балдар адабияттарын, илимий-популярдуу жана колдонмо китептерди, ошондой эле «Өз бетинче окуп билим алуу үчүн китепкана», «Илимйй жана колдонмо билимдердин элдик энциклопедиясы» (1-14-т., 1910-1912) деген серияларды чыгарган. A. С. Пушкиндин, Н.В. Гоголдун, Л.Н. Толстойдун чыгармалар жыйнагы жана «Ата Мекендик согуш жана орус коомчулугу.

1812-1912» (1911-1912), «Аскер энциклопедиясы» (1-18-т., 1911-1915), «Балдар энциклопедиясы» (1-10-т., 1913-1914) сыяктуу коп томдуу басьтлмалар Сытин чыгарган маанилүү китептердин катарына кирет.

Сытин тарабынан, ошондой эле элдик календарлар, «Вокруг света» (1891-жылдан), «Искра», «Хирургия» журналдары, «Русское слово» газетасы басылып турган. 1917-жылдан кийин Сытиндин басмаканасы мамлекеттин карамагына алынып, өзү Госшдатка кеңешчи болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4