Бул — элдик зергерликте күмүштү иштетүүнүн негизги ыкмасы.
Күмүш бетин көркөм оюм-чийимдерди берүү менен көркөмдөө. Мында ага из түшүрүп алуучу «ийне шибегени» колдонушат. Андан соң анын сыртына зергерлер дапдаана оюм кылчу сабы жумуру жыгачтан эки см. дей учу бар «чийим шибегени» же «ойгучту» пайдаланышат. Эми көркөм оюм түшкөн жерге «себетти» (боекту) кичинекей калакча менен салып, оттун табына этият кармайт. Ошондо чукурча толот. Муну кургатып туруп, өгөөлөп койсо, кол менен тарткандай кооздук түшөт. «Мөөр шакек», «Мөөр топчу», «Мөөр билерик» деген сөз мына ушундан калат. Минтип, «сыя төгүү» (себет төгүү) менен зер буюмдарына түшкөн тигил же бул элдик көркөм оюмду Ат-Башы, Нарын тарапта «Зооткер» деп айтат. Албетте, бул күмүштүн негизги «саймасы» болуп саналат. Ошондуктан «Зооткер», «Мөөр», «Сыя төгүү», «Себет төгүү», «Зоот жасоо» деген терминдердин түпкү түшүнүгү бипбирдей болуп саналат. Мындай ыкманы атактуу зергерлер ойдогудай пайдаланышкан.

Маалыматтын булагы

түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)