Сье́рра-Лео́не креолдору

Крио, криолдор, креолдор (крио Krio people) — Сье́рра-Лео́не Республикасында жашаган эл. Көпчүлүк Фритаун шаарында жашайт.
Саны 55 миң адам.

Тил

Крио тилинде сүйлөшөт. Ал тил Түндүк Американын (айрыкча Ямайканын) англис тилдин варианттарынан келип түзүлгөн. Ошондой эле бир аз француз, португал жана жергиликтүү африкалык тилдеринен кирген лексикалык кошулмалар бар.

Дин

Көпчүлүк протестанттар (жетинчи күндүн адвентисттери, методисттер, англикандар) жана афрохристиандар.
Мусулмандар да бар. Алар крио-аку субэтникалык топту түзүшөт.

Тарых

Крио этнос катары азыркы Сьерра-Леоне территориясында 19 кылымда түзүлгөн. Алар Түндүк Америкадан (АКШ, Ямайка, Канада) 18-19 кылымдарда көчөрүлүп келген бошотулган кара кулдардын тукумдары.

Булактар түзөтүү

  • Львова Э. С. Этнография Африки. М.: Наука, 1984.- С. 123—124
  • Милин C. А.Плата за камни// Вокруг Света. 1971. № 12 (2555). С. 134—135.
  • Попов В. А. Криолы // Народы и религии мира / Глав. ред. В. А. Тишков. М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999.- С.375-376
  • Reader J. Africa: A Biography of the Continent. L.: Knowledge, 1997.- P.34-35