Сюзане, сюзани, сузани – саймаланган жасалгалык панно. Ал адатта турак жайдын ички дубалын кооздоп турат. Орто Азияда айрыкча Өзбекстанда кеңири тараган. Жибек менен сайылган оюу жалбырактан, стилдешкен гүлдөрдөн, куш, карападан жана башка турган орнамент берет. С-нин колорити боёктордун ачыктыгы, тез-тез кайталанышы менен айырмаланат. Эреже катары, оюу талаасы орнамент менен жээктелет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү