Сюрреализм (французча  surrealisme, сөзмө-сөз – жогорку реализм) – капиталисттик өлкөлөрдүн көркөм искусствосунда – биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Францияда пайда болгон реакциячыл багыт. Ал Фрейддин аң-сезимден тышкаркылык жөнүндөгү теориясы менен идеалисттик окуусуна таянат. Сюрреалисттердин бузулган элестетүүлөрүн дөөрүгөн патологиялык абалдын, оорулуу галлюцинациялардын, маанисиз жана бузук түш көрүүлөрдүн дүйнөсү ээлеп алган. «Жин оорулуулар – чыныгы сюрреалисттер» – деп айткан бул багыттын бир негиз салуучусу. Реалисттик формаларды берүү аракети сюрреалисттерде эң сандырактаган, маанисиз түрдө болуп, болбогон ырааттуулукта жана байланышта ден соолугу чың адамдын кабыл алуу логикасын бузууга багытталган. Азыркы мезгилде сюрреализмдин башкы өкүлдөрү АКШда жашашат жана аларга бай коллекционерлер колдоо көрсөтүшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү