Сүзөк (гонорея) — жугуштуу венера оорусу. Гонококк микробу пайда кылат. Сүзөк жыныстык жол менен жугат. Ошондуктан көбүнчө жыныс органынын былжыр чели сезгенет. Кокусунан болгон жыныстык катнашууда көпчүлүк адамдар сүзөккө чалдыгышат. Оорудан кийин иммунитет пайда болбойт. Ошондуктан бул оору менен бир нече жолу ооруп калуу мүмкүн. Ал оорулуудан гана жугат. Жыныстык катнашууда оорулуудан соо адамга гонококктор жугуп, ал жерде оору пайда кылат. Андан тышкары көбүнчө оорулуу пайдаланган төшөнчү, сүлгү же мончодо колдонуучу жуугучтарды таза жуубай колдонуудан да жугат. Кыздар оорулуу энеси колдонгон буюмдардан жуктуруп алышы мүмкүн, бул учурда жыныс органынан башка көздүн былжыр чели да сезгенет (к. Бленнорея). Жуктуруп алгандан 3—5 күндөн кийин оорунун биринчи белгилери пайда болот. Эркектерде алгач заара чыгуучу органдын учу ачышып, кычышып, көгүш суюктук бөлүнөт. Бир, эки күн өткөндөн кийин саргыч көгүш түстөгү ириңдүү суюктук көп бөлүнүп, кийимди булгайт. Заара кылганда заара чыгуучу канал какшап, тызылдап ооруйт. Түнкүсүн жыныс органы чыңалып ооруксунат. Оорулуунун жалпы абалы анча өзгөрбөйт. Кээде денеси бир аз ысыйт, алы кетет, тамакка табити тартпайт. Эгерде сүзөккөтү өз убагында дарылабаса ал жанаша органдарга (простата безине, урук ыйлаакчасына жана эңелик бездин кошумчаларына) тарап, узакка созулуп, өткүр тамак, ичкилик ичкенде кайталап кармап туруучу өнөкөт түрүнө өтөт. Оору күчөп кеткенде жалаң гана жыныс органдарында өзгөрүүлөр болбостон, жүрөк, муун жана башкалар органдар жабыркайт. Аялдарда оору башталганда белгиси анча байкалбайт. Жыныс органынан ириңдүү суюктук аз бөлүнөт, заара кылганда анча кычышпайт, кычышса да бат тарап кетет. Оорулуу аял өзүнүн оорусун сезбейт, дарыгерге кайрылбайт. Оору козгогучтун булагы болуп жүрө берет. Сезгенүү процесси күчөп, жайылып жана кайталап кармап калуучу өнөкөт түрүнө айланат. Акырында өтө оор коркунучтуу кабылдоолорго алып келиши мүмкүн. Гонококк жатындан жатын түтүкчөлөрүнө өтүп, аны сезгентип, шишитип, түтүкчөнү бүтөп, тукумсуздукка алып келет. Жатындын жана анын түтүкчөсүнүн былжыр чели сезгенгендиктен аялдын бели жана ичинин төмөн жагы ооруйт. Денеси ысыйт, этек кир цикли бузулат. Сүзөккө өнөкөт түрүнө өткөн учурда, суукка урунганда, өтө чарчаганда, этек кир келгенден кийин мезгили менен кайталап кармап турат. Андан ары сезгенүү процесси энелик безге өтүшү мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилери билинер замат тезинен тери-венерология диспансерине кайрылуу керек. Советтик укук закондорунда көрсөтүлгөндөй оорулууга карата дарыгерлик сыр сакталууга тийиш. Убактылуу жумушка жарамсыздык баракчасына оорунун диагнозу коюлбайт. Өз убагында дарыгерге кайрылып жана дарылоону толук жүргүзүү оорудан толук айыгууга жардам берет. Бирок дарылоонун натыйжалуу болушу оорулуунун жүрүш-турушуна жараша болот. Дарылануу учурунда жыныстык катнашууга тыюу салынат. Өздүк гигиенаны толук сактоо керек. Заара ушаткандан кийин сырткы жыныс органдарын самындап таза жууп туруу зарыл. Өткүр тамак, ичкилик ичүүгө болбойт. Дарылоо башталгандан бир-эки күн өткөндө оорусу басылып, жыныс органдарынан суюктук бөлүнбөйт, бирок бул оору толук сакайып кетти дегендикке жатпайт. Ушул кезде дарылоону токтотуп коюу оорунун өнөкөт түрүнө өтүшүнө шарт түзөт. Көрүнгөн менен жыныстык катнашуу жасоого болбойт. Венера ооруларынан дарылануудан качкан оорулууну таап каттоо, мажбурлап дарылоо, ошондой эле кылмыштык иш катары кароо, эл арасында санитариялык агартуу жана тарбиялык иштерди жүргүзүү сүзөккөтү алдын алууда чоң мааниге ээ.

Гонорея таякчалары

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8