"Сүйлө" (англ. Speak) — Лори Холс Андерсондун жаш өспүрүмдөргө арналган романы, 1999-жылы жарык көргөн. Жогорку мектептин биринчи баскычында окуган Мелинда Сординонун окуясын баяндайт. Белгисиз окуядан улам жай мезгилинин аягындагы кечени кокустуктан бузгандан кийин Мелинда эмне үчүн полиция чакырганын айтпай койгондуктан курдаштары тарабынан топтон чыгарылып калат. Эмне болгонун айтып бере албаган Мелинда дээрлик такыр эле сүйлөй албай калып, Фриман мырзанын сабагындагы өзү чыгарган үн аркылуу оюн билдирет. Бул Мелиндага акырындык менен эмне болгонун айтып берүүгө, көйгөйлөрүн чечүүгө жана өзүнүн ким экенин кайра таанып билүүгө жардам берет.

"Сүйлө" көйгөй романы, же жараат романы деп эсептелет. Мелинданын окуясы бир сызыкта өрчүбөгөн мазмун менен чыңалган баяндоону камтыган, өз башынан өткөргөн жараатты баяндаган күндөлүк форматында жазылган. Андан тышкары, Мелинданын жараатын кененирээк сүрөттөш үчүн Андерсон баяндоодо тексттер аралык байланышты, жомок сүрөттөөлөрдү, Хауторндун "Скарлеттин катын" жана Майя Энжелоудон аралаштырып пайдаланган.

Китеп жарык көргөндөн кийин бир нече сыйлыктардып жеңип алып, он алты тилге которулган. Китеп ичинде чоңдор үчүн ачык мазмунунан улам цензурага кабылган. 2004-жылы Жессика Шарзер тасмага ылайыкташтырылышына режиссерлук кылып, Кристен Стүарт Мелинданын образын жараткан.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү