Сүйлөм мүчөлөрү – өз ара грамматикалык байланышта туруп ,сүйлөмдүн структуралык бөлүктөрүнүн ортосундагы катышты билдирүүчү синтаксиситик каражат .

Адамдын ой-пикирин башкаларга билдирүүчү негизги каражат болуп эсептелген сүйлөм көбүнчө бир канча сөздүн жана сөз айкаштарынын тизмегинен уюшулат. Сүйлөм тутумундагы ал сөздөр, сөз айкаштары грамматикалык жагынан сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткарышат.


мүчө.


Сүйлөм мүчөлөрү сүйлөм ичинде аткарган кызматына карай төмөнкүдөй бөлүнөт:

Сүйлөмдү уюштурууда сүйлөм мүчөлөрүнүн кызматы ар түрдүү.Ээ менен баяндооч предикативдик катышта келип ,сүйлөмдүн негизин,сүйлөмдү уюштуруучу борборду түзөт .Көбүнчө ээ менен баяндоочтон гана туруп сүйлөмдүк касиетке жетишип ,бүткөн бир ойду билдире алат .М:Жаз келди .Ит үрдү .

Ушул белгилерине карай ээ менен баяндооч сүйлөмдүн баш мүчөлөрү деп аталат .

Айкындооч мүчөлөр болсо, грамматикалык жана маани жактан ошол ээ, баяндооч менен байланышып келип, алардын ар кандай белгилерин толуктап, тактап көрсөтөт. Мисалы: Каарман жоокерлер мекенин баатырларча коргошту.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4