Сүлүктү гипс кени Баткен облусунун Лейлек районунда, Сүлүктү шаарынан 1,5–2,7 км чыгыш тарапта, Белалма тоосундагы Каттасай суусунун оң жана сол өйүзүндө. 1953-ж. «Средазуглеразведка» трести геол. чалгындоо жумуштарын жүргүзгөн. Кен аймагын мезозой-кайназойдун чөкмө тектери түзөт. Гипс 2 горизонтто топтолуп, анын бирөө бор мезгилинин аягында пайда болгон, экинчиси палеогендин тоотек катмарларында жатат. Бор мезгилиндеги гипс катмарынын жалпы калыңдыгы 0,3–2 м. Гипстин өңү ак, майда бүртүкчөлүү, жакшы сайкалданат. Кооз майда буюмдарды жасоого жарактуу, ошондой эле курулуш гипсин алууга, кыртышты гипстендирүүдө, цемент өндүрүүдө пайдаланса болот. Запасы 693 миң т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү