Сүлүктү жумушчу депутаттар совети

Сүлүктү жумушчу депутаттар совети – Сүлүктү тоо-кен өнөр жай жумушчу большевиктеринин уюму. Советке З. Кадыров, Д. Деканов, Г. Галиев өңдүү большевик-кенчилер жетекчилик кылышкан. 1917-ж. 11-ноябрда бийликти өз колуна алган жана Кыргызстандын түштүгүндө совет бийлигин орнотууда жана чыңдоодо маанилүү роль ойногон.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.