Сүмбүлө жылдызы - Арабакеч топ жылдызындагы эң жарык жылдыз.

Кыргыздар асманда жаңы жылдыздын пайда болушу - Сүмбүлөгө, эзелтен дыйканчылык өнүккөн Кыргызстандын түштүгүндө күзүндө суунун муздашын Сүмбүлөнүн чыгышына байланыштырган. Алар «Суунун башына Сүмбүлө тууптур; тараза чыкса таң суур, Сүмбүлө тууса (чыкса) суу суур (муздаар)» деп айтышкан. О.эле кыргызда «Сүмбүлөнүн чыгышы менен мал семирет», «Сүмбүлөнүн суусун ичип калган жемиш кышта жакшы сакталат» деп айтылат. Арабакеч топ жылдызы августтун 2-декадасында түндүк-чыгыштан, күзүндө зениттен, кыштын ортосунда батыштан көрүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2