Сүннөткө отургузуу - кээ бир диндерде эркектердин сүннөт терисин алуу салттуу практикасы, кээде медициналык көрсөткүчтөр менен жасалган хирургиялык операция. Сүннөткө отургузуунун марксаттары ар кандай болушу мүмкүн?

  • социалдык (инициация, сексуалдуулукту жөнгө салуу);
  • диний (учурда негизинен жөөттөр жана мусулмандар практика кылышат);
  • медициналык (анатомиялык жетишсиздикти жоюу, оорунун алдын алуу);
  • улуттук (мисалы, динге ишенбеген адамдын, же анын ата-энесинин өз элине таандык экендигинин белгиси катары).

Сүннөткө отургузуу термини биринчи ирет, эркектердин сүннөткө отургузулушун билдирет. Аялдардын сүннөткө отургузулушуна келгенде, аялды сүннөткө отургузуу деген термин колдонулат.

Ислам дининде түзөтүү

Наристе төрөлгөндө алгачкы күндөрү оболу Кудайга шүгүр келтиргендикти билдирүү максатында курмандык чалынат. Бул курмандык ислам дининде акика курмандыгы деп аталат. Аталышы жаңы төрөлгөн наристенин башындагы чачынан алынган.

Ошондой эле мусулманчылыкта уул баланы өз убагында сүннөткө отургузуу ар бир атанын уулунун алдындагы парзы.

5 күндүгүнөн баштап 3 жашка чейинки курагында мусулманчылык жышаанына ырымдоо. Ага карата ар ким алына жараша той берет.



Адабият түзөтүү

  • "Шоокум" журналы. №8(37), август. 2009-ж.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү