Сүрөт — негизги мааниде — көркөм каражат. Бул сөздүн кеңири маанисинде – сүрөт деген түшүнүк предметтик дүйнөнү толук кайра чагылдыруунун, ага тиешелүү жактарын өз ичине камтыйт. Аларга көлөмдүк жана мейкиндик моделдөө туура пропорциялар, чыныгы экспрессия, ачык сүрөттөл­гөн мүнөз жана башка кирет. Бул каалаган ыкмада жана техникалык каражаттар менен бизди курчап турган чындыкты реалдуу сүрөттөөнүн негизин түзөт. С. тартууга үйрөтүү ар бир живописчинин, скульптордун графиктик кесиптик билим алуусунун эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири болуп эсептелет. 2) С. тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана техникалык каражаттарга негизделген көркөм графиканын бир түрү. Живопистен айырмаланып С. көп учурда катуу боёочу нерселер менен (карандаш, көмүр, сангина жана башкалар) аткарылат. Мунун баары эреже катары, штрихтин жана линиянын жардамы менен түстүн кошумчаланышы аркылуу ишке ашырылат. Мындай сүрөт натурадан тез тартылган зарисовка (сүрөттүк элес) же толук бүткөн графикалык композиция, ал эми түп нускада иллюстрация, карикатура жана плакат болушу мүмкүн. Өзүнчө алган учурларда, мисалы, акварель менен пастель техникасында сүрөт живопись менен абдан жакындашып кетет жана андан жалпы аткарылыш мүнөзү менен гана айырмаланат. 3) графиканын бир түрүнүн өз алдынча чыгармасы. Сөздүн бул маанисинде С. көпчүлүк учурда натурадан тартылган зарисовкага (сүрөттүк элеске) карата колдонулат, ал эми башка учурларда башка тактагыч маанидеги терминология пайдаланылат. Камера үчүн Flash көп сүрөткө, айрыкча, үйрөнчүктөр үчүн зарыл куралы болуп саналат. Анын колуна камера кармап, жарык берүү шарттары өзгөртүү жана курч сүрөткө өтө караңгы болуп калганда, кошумча жарык менен камсыз кылууда.[1]

Модилдик телефондун камерасына сүрөт тартылып жатканы. Тартылып жаткан сүрөт телефондун экранында көрсөтүлүп турат.

Жазуулар түзөтүү

  1. Камера үчүн жарк кантип тандоо керек, жана ал эмне үчүн зарыл?

Колдонулган адабияттар түзөтүү