Сүрөтчүнүн жаш кезиндеги портрети

"Сүрөтчүнүн жаш кезиндеги портрети" (англ. A Portrait of the Artist as a Young Man) - ирландиялык жазуучу Жеймс Жойстун алгачкы романы. Романда Жойстун альтер-эгосу жана Грек мифологиясынын мыкты устаты Дедалуска ишара болгон жаш Стивен каармандын диний жана интеллектуалдык ойгонуусу баяндалат. Стивен өзү көрүп чоңойгон католиктик жана ирландиялык талашсыз жоболоруна каршы чыгып, акырында Ирландиядан Европага өз эрки менен качкан болот. Роман "Улисс" (англ. Ulysses, 1922) жана "Финнегандын ашы" (англ. Finnegans Wake, 1939) чыгармаларында колдонгон адабий ыкмаларды камтыйт.

Сүрөтчүнүн жаш кезиндеги портрети (1916).

Ал 1903-жылы, 63-баптан турган "Стивен каарман" (англ. Stephen Hero) реалдуу стилдеги автобиографиялык роман катары жазылып башталган. 1907-жылы, Жойс "Стивен каарман" чыгармасынын жазуусун 25-бап менен токтотуп, темасын жана каарманын өзгөртүп аны беш баптан турган романга өзгөртөт. Америка модернизм агымынын акыны Эзра Паундтун жардамы менен роман 1914 жана 1915-жылы The Egoist журналына басылып чыгат, 1916-жылы У. Хүбш романды китеп түрүндө жарыкка чыгарганы жардам берет. "Сүрөтчүнүн жаш кезиндеги портрети" менен "Дублиндиктер" (англ. Dubliners, 1914) аттуу чыгармалары менен Жойс модернизм адабиятынын эң атактуу жазуучусу болууга татыктуу болгон.

1998-жылы Modern Library, романды англис тилинде жазылган XX кылымдын 100 эң мыкты китептеринин тизмесинде үчүнчү орунду алган.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү