Сүрөт көргөзмөсү – көркөм чыгармаларды жалпы элге көрсөтүүчү убактылуу (музей экспозицияларынан айырмаланып) көргөзмө. С. к. бүткүл дүйнөлүк (эгер бүт дүйнө өлкөлөрү катышса), эл аралык (эгерде экспонент катары кээ бир мамлекеттер катышса), бүткүл союздук, республикалык, облусу, жергиликтүү болуп бөлүнөт. С. к. өткөрүлгөн жерине карай стационардык, көчүп жүрүүчү, шаардык, өткөрүлгөн мезгилине карай учур учуру менен, жыл сайын, жазгы, катышуучуларынын түрүнө карай мектеп окуучуларынын, көркөм институт, окуу жайынын, мектебинин бүтүрүүчүлө­рүнүн), катышуучулардын санына карай топтордун, жеке сүрөтчүлөрдүн болуп бөлүнөт. С. к. көркөм сүрөт искусствосунун өзүнчө түрлөрү боюнча живопись, скульптура, графика, жасалга-колдонмо (көркөм жасалгалоо, театр искусствосу); жанры боюнча (тарыхый, турмуштук, портреттик, пейзаждык живопись), техникасы боюнча (акварель, офорт) жана башка болуп уюштурулат. Белгилүү бир теманын астындагы чыгармаларды бириктирген С. к. тематикалык деп аталат. С. к. азыркы замандын көркөм искусство чыгармалар көргөз­мөсү жана чоң илимий маанидеги ретроспективдүү көргөзмөлөр болуп да саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү