Сөгөттү көмүр кени Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Кажы-Сай жана Сөгөттү сууларынын аралыгында.

Кен 1909-жылдан белгилүү. 1928–30-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. 1946–48-ж. уран рудасын чалгындоо жана казып алуу иштери башталган. Уран рудасын казып алуу бүткөндөн кийин, 1960-ж. көмүр казып алуу иши башталган. 1963–65-, 1981–88-жылдары издөө, дыкат чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. 1996-ж. көмүр казып алуу иши токтотулган. Көмүр кабаттары төмөнкү юранын жил жана ортоңку юранын аксай свиталары менен байланышкан. Жил свитасында 5 кабат, аксай свитасында 9 кабат жана кабатчалар бар. «Биринчи» жана «Экинчи» кабаттары көмүр казып алуунун объекттери болгон. «Биринчи» кабаттын орточо калындыгы – 1,35 м, «Экинчи» кабаттыккы – 2,66 м. Көмүр үчүнчү күрөң (3Б) маркасына кирет. Орточо күлдүүлүгү 17,46–19,74%, орточо күйүү жылуулугу 30,29–30,54 МДж/кг (7236–7296 ккал/кг). 1997-жылга карата баланстагы запасы А+В+С1 категориясы боюнча – 5357 миң т, баланстан алынып ташталган жана «Центральная» шахтасы, көмүр казып алуу татаалдыгына байланыштуу жабылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү