Сөздүк (лингвистика)

  • 1) лексика, сөздүк состав, диалект, социалдык топтун, жеке жазуучулардын ж.б. сөздүк составы.
  • 2) сөздү (морфеманы, сөз айкашын, идиомаларды ж.б.) белгилүү бир алфавиттик тартипте жайгаштырган, ал тилдик бирдиктер жөнүндө түшүндүрмө берген же башка тилге которгон же тиешелүү денотат жөнүндө тиешелүү маалымат берген китеп.

Сөздүк лингвистикада лексикография деп аталат. Лексикография эки мааниге ээ, биринчиден, Сөздүк түзүүнүн теориялык жоболору, илимий-теориялык изилдөөлөрү болсо, экинчиден, тилдик материалдарды камтыган Сөздүктүн жалпы жыйындысы.

Сөздүкдүн негизги тибине алфавит тартибинде жайланышкан бир тилдүү түшүндүрмө сөздүк жатат. Сөздүктө сөз маанилери, маанилеринин колдонулушу, сөздүн грамматикалык жана фонетикалык өзгөчөлүгү белгиленет. Сөздүк элдин тилинин белгилүү бир этабына ылайыкталып түзүлөт да, анын өнүгүшүнүн тарыхый шартын чагылдырат жана ошол ар бир этапты берүүдө тилдин тарыхый-этимологиялык шартын эсепке алат, анткени тил коом менен бирдикте өнүгүү, өзгөрүү абалында кыймылда болот.

Сөздүктүн жазылуу ыкмасы боюнча сөздүн ар кандай аспектилерин жана катышын чагылдыруучу этимологиялык, сөз жасоо, морфемалык, грамматикалык, орфографиялык, орфоэпиялык, синонимдик, антонимдик, омонимдик, фразеологиялык, паронимдик, жыштык, кери (тетири) ж.б., сөздүн колдонулуу доору боюнча тарыхый Сөздүк, тилдин саны боюнча котормо Сөздүкдүн тиби болот.

Ар бир тилдин лексикографиясында түшүнүктөрдү талдап берүү үчүн өзгөчө метатил пайда болот. Мындай метатил формулаларынан тышкары, макалаларды түшүндүрүү, белгилер, кыскартуулардын түрлөрү, шарттуу белгилер (фразеологизмдерди берүү үчүн ромб), ар кандай шрифттер, таблицалар, графикалык иллюстрациялар колдонулат. Ар кандай Сөздүк камтыган концепциясына, тибине, көлөмүнө жараша мүнөздөлөт. Анын аспектилерине карата сөздөр тандалып, түшүндүрмөлөрү ишке ашат. Тиешелүү элдин тилдик өзгөчөлүгүнө, лексикографиялык каадасына, Сөздүктүн тибине, максатына лексикографтын көзкарашына жараша түзүлөт.

Максатына карата Сөздүк энциклопедиялык жана лингвистикалык болуп бөлүнөт. Энциклопедиялык Сөздүк илимий-реферативдик мүнөздө болот, тармагына жараша иллюстрациялык материалдары катары схемалар, сүрөттөр, карталар, ар кандай фотоматериалдар ж.б. колдонулат. Лингвистикалык Сөздүк тибине сөздөрдүн табиятына жараша түшүндүрмө (семантикалык мүнөздөгү), котормо ж.б. кирет. Сөздүтө сөздөрдүн жайланышы анын формасына жараша болот. Сөздүктө полисемия менен омонимиянын белгилениши да маанилүү. Полисемиялык маанилердин жайланышы иерархиялык же кеңири тараган мааниден азыраак колдонулушуна карай жайланышы мүмкүн.

Сөздүктүн белгилери (карапайым, оозеки, өтмө., арх., тар., эск., поэт. ж.б.) сөздөрдүн колдонулуш чөйрөсүнө, стилдик өзгөчөлүгүнө карата аныкталат. Тилдик мисалдар сөздүктө тигил же бул сөздүн бар экендигин, маанилеринин бир колдонуудан экинчи мааниге өтүүсүн, жеке жана контексттеги маанилерин тактап, таанып-билүүгө көмөк берет.

Интернеттин өнүгүшү менен кыргыз тилинин онлайн сөздүктөрү чыга баштады. Кыргыз тилинин алгачкы онлайн сөздүгү - Элсөздүк 2013-ж. түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4