Сөз маданияты - бул адабий тилдин нормаларына сүйлөшүүнүн (речтин) ылайык келүү даражасы, тил илиминин бир тармагы; адабий тилди нормага салуу көйгөйлөрүн (проблемаларын), сүйлөшүүнү, кепти (речти) туура колдонуунун конкреттүү нормаларын жана өлчөмдөрүн (критерийлерин) изилдейт.

Сөз маданиятынын лингвистикада өзүнче тармак катары өнүгүшү орус тил илиминин советтик доордогу өнүгүшү менен байланыштуу. И. А. Бодуэн де Куртенэнин тилдик процесстерди аң-сезимдүү түрдө жөнгө салуу тууралуу идеясы анын окуучулары Л. В. Щерба, Л. П. Якубинский, Е. Д. Поливанов, Г. О. Винокур, В. В. Виноградов жана башкалардын эмгектеринде иштелип чыккан. 1952жылы СССР ИАнын Тил илими институнда сөз маданияты сектору түзүлгөн. Сөз маданияты маселелери башка өлкөлөрдө да иштелүүдө; европалык бир катар өлкөлөрдө сөз маданиятынын маселелерин жарыялоочу атайын журналдар чыгат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9