Сөз өзгөртүү мучолорудеп ар бир маани берүүчү сөздүн парадигма б-ча өзгөрүшү аталат.

Сөз жасоодон айырмаланып Сөз өзгөртүүдө сөздүн түпкү лексикалык мааниси өзгөрбөйт, б.а., бир эле сөз ар түрдүү грамматикалык формада жолугуу мүмкүнчүлүгүндө болот. Сөз өзгөртүү тилде атайын мүчөлөрдүн жардамы менен ишке ашат. Алар сөз өзгөртүүчү мүчөлөр деп аталат. Аларга жөндөмө, таандык, жак мүчөлөрү кирет. Кээде көптүк сандын мүчөсү да киргизилип жүрөт. 80-жж. чейинки кыргыз тилинин айрым грамматикаларында Сөз өзгөртүү мүчөлөргө азыркы форма жасоочу деп эсептелген мамиле, ыңгай, чактын мүчөлөрү, чакчыл, атоочтук, кыймыл атоочтун мүчөлөрү, сан атоочтун -нчы мүчөсү, сын атоочтун (-омук, -ыш, -гылт ж.б.) мүчөлөрү, -ыраак мүчөсү, зат атоочтун кичирейтип эркелеткендикти билдирген (-ча, -чак, -ке) мүчөлөрү киргизилип келген. Мунун негизги себеби мүчөлөр функциясына карай айрым окумуштуулар тарабынан экиге гана бөлүнүп (сөз жасоочу, сөз өзгөртүүчү болуп) каралса, айрымдары тарабынан үчкө (сөз жасоочу, сөз өзгөртүүчү, форма жасоочу деп) туура бөлүнүп жүргөндүгүндө.

Сөз өзгөртүү мүчө жалганган сөзүнүн лексикалык маанисин өзгөртө албай, жеке грамматикалык маанисин жана формасын гана өзгөрткөнү менен, алар, эң негизгиси, сүйлөмдөгү сөздөрдү өзара байланыштырууда синтаксистик каражат катары кызмат аткарышат. Мис., Апам менен айылга бардым деген сүйлөмдөгү жолуккан -ым, -га -ым мүчөлөрүн алып салсак, сөздөр синтаксистик жактан өз ара байланышпай, айтылып жаткан ой ыраатын жоготот. Демек, Сөз өзгөртүү мүчөлөрү кепке ырааттуу мүнөз берүү үчүн колдонулат. Ал эми бир сөздүн түрдүү грамматикалык формалары сөз формалары деп аталат. Мис., Кыз деген сөздүн жөндөмө, таандык, жак боюнча өзгөргөн түрлөрү сөздүн сөз формаларын түзөт. Демек, бир эле сөзгө сөз өзгөртүүчү түрдүү мүчөлөрдү жалгоодон ар башка сөздөр түзүлбөстөн, бир сөздүн ар түрдүү формалары гана түзүлөт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4