Сөөктөр. Уча сөөктөрү - омурткалуулардын учасын түзүүчү жуптуу сөөктөр. Жамбаш, отургуч жана чаткаяк сөөктөр биригип кашка жиликтин башы орношо турган чуңкурду түзүшөт;

Жабуу сөөктөр - кориумда туташтыргыч ткандын талчаларынын өсүшүнөн пайда болот. Омурткалуулардын Б. с-нүн көпчүлүк сөөктөрү териден келип чыккан жабуучу сөктөр;

Каңылжаар сөөктөр - жука кемирчектен келип чыккан сөөктөр, калбырдай жука, биринчиден кемирчектер пайда болуп, андан кийин алар сөөккө алмашат; парасфеноид (parasphenoideum) - Б. с-түн түбүндө жупсуз сөөк; кыз кемик, көнчөк сөөгү – Б. с-түн курамындагы түбүн түзүчүү жука, ичке сөөк. Сөөктүү балыктар жана канаттууларда жупсуз, айрым омурткалууларда (жерде-сууда жашоочулар, сойлоктор) жуптуу, анда тиштер орношкон (балыктар, жерде-сууда жашоочулар).

Клейтрум - жуптуу сөөк, балыктардын көкүрөк сүзгүч канат скелетинин курамына кирет. Б. с-кө кошумча сөөктөр - субклейтрум менен арткы төбө сөөк аркылуу бекийт (кошулат).

Колдонулган адабияттар түзөтүү