Сөөк (Алайкуунун оң куймасы)

СөөкКара-Кулжа районундагы суу, Алайкуунун оң куймасы.
Узундугу 24 км, алабынын аянты 160 км².
Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгыш жана Алайкуу кырка тоосунун түндүк-батыш капталындагы Сөөк ашуусуна жакын жердеги (бийиктиги 4024 м) мөңгүлөрдөн башталып, тоолу өрөөн аркылуу чыгыштан түштүк-батышты карай агат.
Куралуу областына кирет. Алты куймасы бар. Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат.
Жылдык орточо чыгымы 1,50 м²/сек, эң көбү май — июнда, эң азы февралда байкалат.
Боюнда малчылардын кыштоосу бар.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Кыргыз ССР Илимдер Академиясы. Башкы редактору М.Борбугулов. Фрунзе-1990ж.